5 миң 600 сомго бир ай жашаса болот деген Марипов азык-түлүк жарманкесине барып, баалар менен таанышты

Бүгүн премьер-министр Улукбек Марипов Бишкектеги айыл-чарба продукцияларынын жарманкесине барды. Марипов сатып алуучулар жана сатуучулар менен баарлашып жатып “учурда өсүмдүк майын жана кантты өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү маселеси каралууда”,- деп билдирди.

Жарманкенин  катышуучулары азык-түлүктүн кымбатташына тынчсыздануусун билдиришип, бул пенсионерлер жана калктын аялуу катмары тарабына өзгөчө сезилгенин белгилешти. Ошондой эле монополияга каршы кызматтын азык-түлүк бааларын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча ишин сынга алышты. Өз кезегинде соода компаниясынын өкүлү кум шекердин кымбатташына байланыштуу продукцияны сатууда кыйынчылыктар болуп жаткандыгын айтты.

Премьер-министр жогоруда келтирилген жүйөлөргө макул болуп, учурда өкмөт бир катар азык-түлүк товарларына бааны ооздуктоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын айтты.

“Азык-түлүк коопсуздугу, негизги азык-түлүктөрдүн бааларын жөнгө салуу менин жеке көзөмөлүмдө. Жооптуу мамлекеттик органдарга өндүрүүчүлөр менен өлкөгө жеткирүү боюнча түздөн-түз келишимдерди түзүү жана андан кийин өсүмдүк майын жана шекерди арзан баада сатуу маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды. Бул аракеттер өсүмдүк майынын жана кум шекердин баасынын бир аз төмөндөшүнө алып келиши керек. Эт азыктарына бааны жөнгө салуу боюнча керектүү иштер жүргүзүлүп жатат. Өзүбүздүн өсүмдүк майын өндүрүүнү жолго коюуга жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар. Буга чейин кант кызылчасы менен күн карама өсүмдүктөрүнүн аянтын көбөйтүү, андан ары гранулдаштырылган кантты жана өсүмдүк майын өндүрүү тапшырылган. Биздин негизги максатыбыз азык-түлүктү импорттоонун үлүшүн 50 пайызга азайтуу»,- деди Марипов.

Эскерте кетсек, Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстанда 5 миң 600 сомго бир ай жашаса болот деп, коомчулуктун сынына кабылган эле. Нааразы болгон эл аны ушул акчага өзү бир ай бою жашап көрсүн деген билдирүүлөрдү жазышкан.