6 депутат төрага Нурланбек Шакиевдин колунан сыйланышты (сүрөт)

Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттарга Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын медалдарын жана эстелик белгилерин тапшырды.

Шериктештиктин маалымат мейкиндигин калыптандырууга кошкон көрүнүктүү салымы үчүн КМШ ПААнын жана «МИР» телерадиокомпаниясынын «Древо дружбы» алтын медалы менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова сыйланды. Парламентаризмди өнүктүрүүгө жана чыӊдоого сиӊирген эмгеги үчүн, Шериктештиктин ишинин укутук негиздерин өнүктүрүүгө, эл аралык байланыштарды жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыӊдоого кошкон салымы үчүн КМШ ПААнын 30 жылдыгына арналган медалдары менен «Ынтымак» парламенттик фракциясынын лидери Марлен Маматалиев, «Альянс» парламенттик фракциясынын лидери Жанарбек Акаев жана «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков сыйланышты. КМШ ПААнын 30 жылдыгына арналган Эстелик белгиси менен Жогорку Кеӊештин депутаттары Камила Талиева менен Бахридин Шабазов сыйланышты.

Жолугушууда эл өкүлдөрүн сыйлык менен куттуктаган төрага Нурланбек Шакиев, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө депутаттардын кошкон зор салымын белгилеп, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.