«7 канал»: «Бизди Феликс Кулов сотко бергендигин билген эмеспиз, чакыруу келген эмес»

Бүгүн, 12-мартта мурдагы премьер-минстр Феликс Кулов «7-канал» телекомпаниясын жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевди сотко бергендигин жарыялаган. Анда ал эки ай мурун эле сот иштери башталганын айтып, бирок ал айыптып жаткан адамдар сотко качып келбей жатышкандыгын билдирген болчу.

Мындан улам SEREP MEDIA маалымат агенттиги «7-каналдын» жетекчилигине байланышып, окуянын чоо-жайын сураганда алар Куловдун сотко бергендиги тууралуу маалыматы жок экенин айтышты. “Бизге сотко чакыруу кагазы келген эмес. Биз билген эмеспиз. Биз деле бүгүн билдик» дешти алар.

Ошондой эле «7-канал» Феликс Кулов койгон айыптар менен макул эместигин билдиришти. “Биз деле жөн айта бербейбиз да. Ар кандай факты, булактарга таянып, маалыматтарды таратабыз”, — деп билдирди «7-каналдын» коммерциялык директору Залкар Анарбеков.