8 партия Бишкек шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын коюшту

8 партия «Ата Журт Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу алар жыйын учурунда билдиришти.

Шаардык кеңешке шайлоого аттанган 8 партиянын өкүлдөрү Бишкекте «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга укугу жок болчу» аталышындагы маалымат жыйын өткөрдү. Алар шайлоо таза өтпөгөнүн айтышып, жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын коюшууда. Партиялардын өкүлдөрү «Ата Журт Кыргызстан» 2021-жылдын 26-февралында мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн, ошондуктан алар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына туура эмес маалыматтарды беришкенин, анткени 26-февралга чейин партия «Элдик биримдик» деп аталып келгенин маалымдашты. Ошондой эле АШК бул партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин каттоодо мыйзам бузган деп эсептешет.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жөнүндө алдын ала жыйынтык боюнча «Ата журт Кыргызстан» партиясы босого чектен өтүп, 9,59 пайызга ээ болгон.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрель күнү өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешине 6 партия 7 пайыздык чектен өттү. Алар:

«Эмгек» — 13,87 пайыз;
«Ак Бата» — 12,15 пайыз;
КЭДП — 10,70 пайыз;
«Ата-Журт Кыргызстан» — 9,63 пайыз;
«Ынтымак» — 8,34 пайыз;
«Биздин эл» — 7,73 пайыз.

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелде НДПКны жарыштан четтетүү чечимин кабыл алган.