Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов кармалган аткезчилик жүк – 84 килограмм алтын боюнча маселени көтөрдү.
Анын айтымында, бул алтынды өлкөдөн алып чыгууну көздөшкөн. «Бул бир гана факт. Жалпысынан канча алтын контрабандалык жол менен сыртка чыгарылганы белгисиз. Бул жүк боюнча так жоопторду бергиле. Анткени, 84 килограмм алтын картошка эмес», — деди ал.
Депутат бул алтын кимдики экенине жооп берүүнү жана коомчулукка жарыялоону өтүндү.