«9 айда 7665 факт». Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамды өркүндөтүү маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу максатында мыйзамды өркүндөтүү маселеси боюнча тегерек столго катышты.

Жолугушууда аялдарга, кыздарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар каралды. Жылдыз Бакашова аталган маселенин өзгөчө, COVID-19 пандемиясынын мезгилиндеги актуалдуулугун белгилөө менен, Ички иштер министрлигинин ыкчам маалыматына ылайык, ушул жылдын башталышынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталгандыгын, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30 пайызгага көптүгүнө токтолду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жарандык коомдун, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу менен Гендердик теңчиликтин улуттук стратегиясынын концепциясы жана 2021-2024-жылдарга карата Иш-аракеттер планы иштелип чыкты. Мындан тышкары, эл аралык өнөктөштөр менен бирдикте «Теңдик нуру» өлкөлүк программасын ишке ашыруу боюнча Улуттук жетекчилик комитеттин иши активдештирилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр, парламент депутаттары, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана эл аралык коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.