Жапаров: «Кумтөрдөн 260 тонна алтынды ташып кеткенине кантип чыдап отурасыңар?» (архив)

Социалдык тармактарга Садыр Жапаровдун 9 жыл мурун Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жаткан видеосу тарады. Анда Жапаровдун «Кумтөрдөн» Кыргызстанга түшкөн кирешенин аздыгын, компания өзү чыгарып кеткен алтын менен күмүштүн көлөмүнө нааразы болуп жатканын көрүүгө болот.

«Кумтөр» 260 тонна алтынды ташып кетип, бизге 1 тонна 400 килограмм калтырыптыр. Кыргыз элинин пайдасы деп. Ушуга кантип чыдап отурасыңар? Кантип ушуга дитиңер барып, каршы добуш берип жатасыңар? Андан тышкары 77 тонна күмүш алып кетиптир. Кыргызстанга 1 да килограммы калбаптыр. Кайсы бетиңер менен ушуга добуш берип жатасыңар? Эми мындай да, урматтуу депутаттар, чындык ачуу болот», — деген ал.

Жапаров сөз сүйлөп жатканда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган Асылбек Жээнбеков танапис жарыялаган.

2012-жылдын 15-февралында «Кумтөр» маселеси боюнча 10 депутаттан турган комиссия түзүлүп, 20-июнь күнү Садыр Жапаров төрагалык кылган депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин алдында отчёт берген. Бирок Жогорку Кеңештин комиссиясынын улутташтыруу сунушу көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болгон эмес.