9 кызматкердин жарымы гана иш ордунда болгон. Жапаровдун орун басарларынын бири Ишкерлерди тейлөө борборуна барды

Ишкерлердин көп сандаган арыздарына байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бишкек шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборуна пландан тышкаркы текшерүү менен барды. Анда 9 кызматкердин ичинен 5 мамлекеттик органдын: Юстиция министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Мамлекеттик салык жана бажы кызматтарынын, Кыргызпатенттин өкүлдөрү гана иш ордунда болгон. Арзыбек Кожошев белгилегендей, мындай шалаакылыкка жол берилбейт, анткени бул борбор ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн.

«Бул долбоор – көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө колдонулган “Бир терезе” принциби боюнча бардык керектүү кеңештерди бир жерден ыкчам алуу үчүн ишкерлер үчүн түзүлгөн эң сонун мүмкүнчүлүк. Тилекке каршы, биз азыр борбордун толук кандуу иштебей жаткандыгына, ишкерлер маалымкаттарды «эски ыкма менен чуркап» алууга аргасыз экенине күбө болдук», – деди ал.

Анын айтымында, кызматкерлери жумуш учурунда ордунда болбогон ведомство жетекчилери катуу жазаланат. «Мен бул боюнча кеңешме өткөрөм. Мындай мамиле болгондугу өкүнүчтүү, анткени Ишкерлерди тейлөө борборунун бардык катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттар республикалык бюджеттин эсебинен түзүлгөн, демек, каржы ресурстары ысырап болуп жатат», — деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Маалымдама:

Ишкерлерди тейлөө борборунда Салык кызматы менен бирдикте 9 мамлекеттик орган жана бир катар мамлекеттик уюмдар: Юстиция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бажы кызматы, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Кыргызпатент, Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги, Баалуу металлдар департаменти, Тышкы миграция департаменти, «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасы (тышкы соода тармагында), Ишкердикти өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонду» ААК, «Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы» ААК, ошондой эле үч мамлекеттик банк: «Айыл Банк», «Керемет Банк» жана «РСК Банк» ишкерлерге кызмат көрсөтүүдө. Мекеме Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси, 38 дареги боюнча жайгашкан.