9-октябрда Бишкектеги митингде чыккан башаламандыкты Сооронбай Жээнбеков тарап уюштурганбы?

2020-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарынын борбордук аянтындагы тынч митингде ызы-чуу чыгарып башаламандык жараткандар Сооронбай Жээнбековдун адамдары беле? Мындай суроонун жаралышына көрүнүктүү эки саясатчынын айткан сөздөрү түртүп жатат.

«СуперТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берген саясатчы Өмүрбек Текебаев «Сооронбай Жээнбеков лично мага өзү айтты, 9-октябрда аянтта турган элдин жарымынан көбү менин адамдарым болчу деп», — дейт.

Ошол митингде чыгып сөз сүйлөгөн саясатчы Өмүрбек Бабанов ал күнү Алмазбек Атамбаев менен өзүнүн максаты тынч митинг өткөрүү болгонун, бирок тынч митингди ызы-чууга айланткысы келген үчүнчү күч болгонун айтат. Мындай пикирин ал Кактус сайтына берген маегинде айткан. «13-октябрь күнү мен Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен алардын штабында жолуктум. Ошол эле күнү мен Сооронбай Жээнбеков менен дагы жолуктум. Сооронбай Шарипович мага айтты, Жапаровдорду менин адамдарым колдошту. Силер мени менен сүйлөшсөңөр жакшы болмок деп», — дейт Бабанов.

Бул күнү Өмүрбек Бабанов Алмазбек Атамбаев менен бирге аянтка митингге келгенин эске алсак, демек, Сооронбай Жээнбеков «Атамбаев менен эмес, мени менен сүйлөшсөңөр жакшы болмок» деп жатат. Бабанов өзүнүн маегинде бул окуяда Жапаров-Ташиев жана Атамбаев-Бабановдон башка үчүнчү тарап болгонун, эки тарап кагышып ортодо кан төгүү болуп кетсе, дал ошол тарап пайда тапмак экенин, бирок кан төгүлүшүнө жол бербей тарапташтары менен митингден чыгып кетишкенин айтат.