Аалиев: «Октябрь айынын башында өлкөнүн аймактарына көмүр жөнөтүлөт»

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев Нарын облусуна барган иш сапарынын алкагында Кавак көмүр бассейниндеги көмүр өндүрүүчү ишканага барды. Атап айтканда, ал Жумгал районундагы «Кара-Кече» көмүр кенине барды.

Экономика тармагынын жана калктын 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине даярдыгына ылайык, республика боюнча жалпысынан 3 миллион 18 миң тонна көмүр керектелет, анын 950 миң тоннасы Кавак көмүр бассейнинин көмүр казуучу ишканаларына туура келет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, социалдык объектилерди көмүр менен камсыздоо иши октябрь айында башталат. «Кен казуу иштерин тездетүү үчүн көмүр казуучу ишканаларга Өзгөчө кырдаадар министрлигинин кошумча техникасы берилди. Октябрь айынын башында Нарын облусуна жана республиканын башка аймактарына көмүр жөнөтүлө баштайт. Калктын жана бюджеттик уюмдардын көмүргө болгон муктаждыгы толук көлөмдө канааттандырылат», — деди Аалиев.

Ал кошумчалагандай, аба ырайынын шарттарына байланыштуу көмүр казуудагы жетишпестиктерге жана күйүүчү-майлоочу майдын баасынын жогорулашына карабастан, көмүр казуучу ишканалар тарабынан экономика тармактарын көмүр менен камсыз кылуу планы аткарылат. Кавак бассейнинин көмүр казуучу ишканалары тоо-кен жана кошумча жумуштарды уюштуруу, тоо-кен техникасы менен кенди комплектациялоо боюнча, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын темир жол боюндагы көмүр кампаларына көмүр ташып жеткирүүнү уюштуруу боюнча иштерди аткарып жаткандыгы белгилүү болду. Аталган көмүр Бишкек шаардык ЖЭБге жеткирилет.

Сапар жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча алардын жеке жоопкерчилигин белгилөө менен бир катар тапшырмаларды берди.