Аалы Карашев: «Мен андай айтпайт элем,  Матраимовдон жүз буруп кетишти деп»

Райымбек Матраимов туура бир апта мурда УКМК тарабынан кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка киргизилген. Матраимов кармалганда аны колдоп чыккандардын митингинде саясатчылардан бир гана эл өкүлү Таабалды Тиллаев болгон. Буга байланыштуу СуперТВ каналы «Кечээ эле Матраимовдордун тоюна жоон топ саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, чиновниктер барып жатышкан. Бүгүн Матраимовдордун тарапташтарынын катарында бул саясатчылар көрүнбөй эле. Бул көрүнүшкө кандай комментарий берет элеңиз? Алар Матраимовдон жүз буруп кетиштиби?» деп суроо салдык.

«Мен андай айтпайт элем,  Матраимовдон жүз буруп кетишти деп. Мен да барганмын, ал бир эле той эмес, жыл сайын өткөрүлүп жүргөн турнир болчу. Ага чейин да чакырылганда барганбыз»,- деди депутат Аалы Карашев SEREP MEDIA маалымат агенттигине.

Сурамжылоону толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.