Абай Молдокматовго Башкы прокурордун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Башкы прокурорунун биринчи орун басары Молдокматов Абай Молдокматовичке Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Бүгүн, 4-июнда Садыр Жапаров Башкы прокурор Курманкул Зулушевди убактылуу кызматтан четтеткен болчу.