Абактан Ак Үйгө. Акбөкөн Таштанбеков ант берди

Бүгүн, 12-январдагы парламент жыйынында №30 Ысык-Ата округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган Таштанбеков Акбөкөн Дукенович ант берди. Депутаттык күбөлүгү менен төш белгиси ага 31-декабрда тапшырылган эле.

Анын бөгөт чарасы 10-январда каралып, үй камагына чыгарылган. Ал 6-декабрда улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип, камакка алынган болчу.