«Абдил экөөбүз таанышканда ал Акаевдин пресс-катчысы болчу». Айнура Сегизбаева үй-бүлөсү тууралуу айтып берди (сүрөт)

Абдил мени көрүп эле, ким экенимди, кайдан экенимди дегеле мен жөнүндө маалымат издей баштаптыр. Бул тууралуу УКМКнын мурдагы төрагасы, учурда абакта жаткан Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

Анын айтымында, ал Абдил Сегизбаевден 9 жаш кичүү.

«Абдил экөөбүз баш кошконубузга 16 жыл болду. 3 балабыз бар. 2004-жылы жумушта таанышканбыз. Мен ал убакта КТРКда иштечүмүн. Ал эми Абдил ал убакта Акаевдин пресс-катчысы болчу. Ошондо мени көрүп эле ким экенимди, кайдан экенимди дегеле мен жөнүндө маалымат издей баштаптыр. Таанышкандан кийин көп убакыттан кийин гана жакындан сүйлөштүк. Менден Абдил 9 жаш улуу болчу. Мен баш-отум менен жумушта жүрчүмүн. Мен өзүм Кеминден болом. Туз насип буйруп, 16 жылдан бери Кой-Ташка келинмин. Үч балабыз тең мектепте окуйт. Улуусу 15 жашта, кичүүсү 10до», — деди ал.

Маекти шилтемеден табасыз.