Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 25-мартка чейин камакта калтырылды.
Сегизбаев 25-январда Аскердик прокуратура тарабынан кармалган. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон болчу.