УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев 7 сааттан ашуун убакыттан бери сурактан чыга элек

УКМКнын мурдагы төрагасы, өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышкан Абдил Сегизбаев суракка кирген боюнча чыга элек. Бул тууралуу анын жакындары SEREP.MEDIA маалымат агенттигине билдиришти.

Маалыматтарга караганда, ал суракка бүгүн, 25-январда эртең менен саат 10:00дө кирген.

«Бүгүн эртең менен УКМКнын кызматкерлери чакыруу кагазын алып келип, Абдил Сегизбаевди суракка алып кетишкен. 7 сааттан бери сурактан чыга элек», — дешти алар.

22-январда Башкы прокуратура тарабынан Абдил Сегизбаевге каршы жер маселелерине байланыштуу кылмыш иши козголгон болчу.