Абдил Сегизбаев: «Бакиевдин бөлтүрүктөрүнөн коркпойм»

10-январь күнү Кыргыз эли өлкө башчыны тандайт. Учурда президенттик жарышта 17 талапкер жарышууда. Алардын бири Абдил Сегизбаев «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип, коркутуу, басым көрсөтүүгө аракеттер жүрүп жатканын айтты.

«Мына азыр айтып жатышат, ортого кишилерди салып, сени 11и күнү камайбыз деп. Биринчи негиз таап алгылачы, камаганга. Анан СИЗОго алпарат имиш. Анан ал жерден өзү асынып калды деп өлтүрөбүз дептир. Өлтүрүп көрүшсүн… Менин корко турган эч нерсем жок, коркуп бүткөнбүз. Учурунда Жаныш Бакиевдер күпүлдөп турган кезде да аябай коркутушкан, көзүңдү тазалайбыз, тигиндей кылабыз, мындай кылабыз деп. Мен Кыргызстанда калгам. Азыр эми алардын бөлтүрүктөрүнөн коркмок белем»,- дейт Сегизбаев.

Маектин толук версиясы шилтемеде.