Абдил Сегизбаев: «Бул саясий өч алуу»

«Мени коррупционер деп элди даярдап жатат. Мамлекеттен бир буюм алсам бул жерде отурбайт элем. Президенттикке да талапкерлигимди койбойт элем»,- деди Абдил Сегизбаев бүгүн, 22-январдагы маалымат жыйында.

Анын айтымында, бул бирөөнүн тапшырмасы жана ал тапшырма аткарылып жатат.

«Мени коррупционер деп биринчи элди даярдап жатышат. Эгер мен мамлекеттен бир буюм тартып алсам бул жерде отурбайт элем. Президенттик шайлоого да барбайт элем. Бирөөнүн тапшырмасы аткарылып жатат. Мени камаш керек, отчет бериш керек. Мени эки күндөн кийин бир нерсе алып чыгабы деп жатат. Бул өч алуу, саясий өч алуу. Мени түрмөгө камайбы же камабайбы айырмасы жок. Мен кимдин ким экенин айта берем”,- деди.

Анын айтымында, Башкы прокуратуранын айып кагазында жазылган 100 гектар жер алма бактын аянты. Бул жер азыр мыйзамдуу түрдө эжесинин атына катталган.

“100 гектар алма бакта үлүшү бар жарандар сатабыз деп айтышкан. Алардын ар биринин 2 сотоктон үлүшү бар болчу. Баарын мен сатып алгам. Бирок мен ал учурда жетекчилик кызматта эмес болчумун. Алма бакты эжеме бергем. Эжем мыйзамдуу түрдө жерге ээ болгон”,- деди Сегизбаев.

Ал айтылып жаткан 2 гектар жерде азыр жеңил конструкция турганын айтты.

“Мен тилкелерди иштетип аларды пайдаланып жатсам сүйүнүш керек. Мен муну менен сыймыктанам. Соттосо эл да түшүнөт. Ал эми айтылган 2 гектарда азыр жеңил конструкция турат. Ал жерде азыр күзөтчү бар»,- деди ал.

Бүгүн, 22-январда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы жер маселелерине байланыштуу кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура тарабынан анын жер тилкелерге мыйзамсыз  ээ болгону айтылган.