Абдил Сегизбаев компроматтар тууралуу: «УКМК төрагасынын колунда эмес, эсинде көп маалымат бар»

SUPER TV каналынын «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берген УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Жээнбековдорго карата компроматтар бар беле?» деген суроо боюнча мындай комментарий берди: «УКМКнын төрагасынын колунда эмес, эсинде көп нерсе бар. Аны компромат деп атоого болбойт, ал — маалымат. Мени куугунтуктаганга Опумбаев (ред. Орозбек Опумбаев, УКМКнын экс-төрагасы) аябай аракет кылды. Эң аягында эч нерсе таппагандыктан Кыргызстандан чыгып кет деп мажбурлашты. Бирок мен айттым, эмне болсо дагы, күч колдонсоңор дагы Кыргызстандан чыкпайм. Мен үчүн Кыргызстандан башка жер жок. Ата-бабамдын сөөгү ушул жерде жатат, меники да ушул жерде калат дедим. Ошондон кийин башка аракет кыла алышкан жок«.

Маек толугу менен бул шилтемеде.