Абдил Сегизбаев: «Кыргыз саясатынын трагедиясы — соодалашууда»

Абдил Сегизбаев SUPER TV каналынын «Саясий Коктейль» берүүсүндө конок болду. Ал өз маегинде Кыргыз саясатынын трагедиясына токтолду.

«Көп учурларда сурап калышат, сиз көп кишилерге душман болуп алдыңыз деп. Ооба, мен ачыгын эле айтайын, ошол эле Атамбаевдин учурунда, балким Акаевдин да учурунда, арабызда жургөн аткаминерлердин көпчүлүгү байлык топтошуптур. Мен болсо душман арттырыптырмын. Себеби мен саясий «илита» менен эч бир макулдашууга, соодалашууга барган эмесмин. Мага деле бир топ саясатчылар келген, бизге тийишпе, мага сөз сүйлөбө, сага парламентте колдоо көрсөтөлү же болбосо акчалай жардам берели деп… Биздин Кыргыз саясатынын трагедиясы ушунда, соодалашууда«, -дейт УКМКнын мурдагы төрагасы.

Маектин толук версиясы шилтемеде