Абдил Сегизбаев Кыргыздын байлыгы 150 үй-бүлөнүн чөнтөгүндө жүргөнүн айтат

«SUPER TV» каналына маек берип жатып УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Кыргызстандын байлыгы 150 үй-бүлөнүн эле чөнтөгүндө айланып жүрөт деди.

«Көп учурларда биздин мээбизге куюп коюшкан да, Кыргызстан жакыр мамлекет деп. Мен акыркы жылдары 4 жыл УКМКда иштедим, биринчи төраганын орун басары, анан төрага болуп… Кыргызстан абдан бай өлкө. Ушунчалык көп байлыгыбыз бар, жерде дагы, экономикада дагы… Бирок ошол байлыктын баары 150 чөнтөккө кетип жатат. Батпай калды чөнтөктөрүнө. Байлыктары чөнтөктөрүнө батпай калганынан Кыргызстандан мүлк албай Дубайдан, Латын Америка, Европа, КМШ өлкөлөрүнөн сатып алып жатышат«, — деп билдирди Сегизбаев.

Маек толугу менен төмөнкү шилтемеде