Абдил Сегизбаев чукул жыйын берип, тарапташын күч түзүмдөрү кармап кеткенин айтты

27-ноябрда кечинде президенттикке талапкер, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев чукул жыйын өткөрүп, анда ал штабындагыларга карата саясий кысым башталганын айтты.

Абдил Сегизбаевдин айтуусунда күч түзүмдөрү анын тарапташын, мурунку кесиптешин жана штабда кол топтоо процессин координациялап жаткан Дүйшөн Чоткараевди кармап кеткен.

«Чоткараев менин талапкерлигим үчүн кол топтоо иштерин координациялап жаткан. Аны кармоону саясий кысым катары баалайм. Бизди шайлоого катыштырбоо аракети болуп жатат», — деди Сегизбаев.