Абдил Сегизбаев: «Мен күрөшөм»

Президенттик жарышка талапкер катары чыккан УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «ал качат, башка өлкөдөн башпаанек сурайт» деп өз дарегине карата айтылып жаткан жоромолдорго жооп берди. «Супер ТВ» каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берген ал «Эгер шайлоо жыйынтыктары мен күткөндөй болбой калса, анда бийликти башка-көзгө чапкылап, сындап, кубалап иштете турган камчы болом. Оппозицияда калам. Качып кетет деген кептерди уксам күлкүм келет»,- дейт. Ошондой эле ал «Бакиевдердин саясатын жүргүзүүгө жол бербейм. Мен күрөшөм»,- деп билдирди.

Маекти толугу менен шилтемеден табасыз.