Абдил Сегизбаев: «Парламентте наркотрафикке, контрабандага, уюшкан кылмыштуу топторго аралашкандар жүрөт. Аларга кантип сый-урмат менен мамиле кыласың?»

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «депутаттарга орой мамиле жасачу» деп өзүнө карата айтылып жүргөн сындарга жооп кайтарды.

«Баягы күнү карасам бир депутат айтып жатат, 2015-2016-жылдары УКМКда төрага болуп турганда Сегизбаев парламентке орой сүйлөчү деп. Мүмкүн кечирим сураш керектир, бирок кечирим сурагым келбейт. УКМКда иштеп жатканда көп депутаттар боюнча маалыматтар бар эле. 120нын 80ни ким экенин билип турсаң, көпчүлүгү наркотрафикте журсө, контрабандага аралашып жүрүшсө, элдин ырыскысын жешсе, жадакалса уюшкан кылмыштуу топтор менен аралашып жүрсө аларга сый-урмат мамиле кыла албайт экенсиң. Ошондуктан мүмкүн орой көрүнгөндүр. Бирок трибунага чыкканда ошондой депутаттарды көрүп алып ирээнжийсиң«.

Абдил Сегизбаевдин SUPER TV сайтына берген маеги толугу менен бул шилтемеде.