Абдил Сегизбаев: «Президенттик шайлоодо 50 пайыздан эч ким өтө албайт, экинчи тур болот»

Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкер Абдил Сегизбаев «10-январда талапкерлердин эч бири 50 пайыздан ашык ала албайт. Экинчи турга эки адам чыгат. Учурда сөз болуп жаткан эмес, анын атаандашы утуп чыгат» дейт. Мындай пикирин ал «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

УКМКнын мурдагы төрагасы мындай жыйынтык шайлоонун адилеттүү, акыйкат өтүшүнө жол берилсе гана болорун айтат. «Ар кандай көз боёмочулуктар, коркутуп-үркүтүүлөр, административдик ресурстарды колдонуу менен өтчү болсо, эл сөзсүз түрдө өз сөзүн айтат», — деп ишенет Сегизбаев.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.