Абдил Сегизбаев: «Штабдын катардагы кызматкерлеринин эч кандай күнөөсү жок»

УКМКнын СИЗОсунда жаткан Абдил Сегизбаев өзүнүн жактоочулары аркылуу шайлоо штабынын кызматкерлеринин үйүн тинтүүгө байланыштуу бийликке кайрылуу катын тапшырды.

Сегизбаев штабдын катардагы кызматкерлерин айыптоолор негизсиз экендигин баса белгилеп, алардын эч кандай күнөөсү жок экенин жазган.

«Акыркы күндөрү сурак жүргүзүү, электрондук маалымат каражаттарын алуу, менин шайлоо штабымда иштегендердин үйүн тинтүү түрүндөгү кысымдар болуп жатат. Мен бийликке кайрылам: “Эгер мени кылмышка айыптап жатсаңыз, анда жөнөкөй кызматкерлердин бул ишке эмне тиешеси бар? Менин штабымда иштегендер өз ишин мыйзамдардын, шайлоо кодексинин чегинде жүзөгө ашырышкан. Үгүт учурунда бир дагы мыйзам бузулган эмес. Аларда эмне күнөө?» – деп жазат Сегизбаев.

Ал бул иш-аракеттердин бардыгын бийликти сындагандыгы үчүн саясий куугунтук деп эсептерин айткан.

Камакка алынган президенттикке талапкер штабдын мурдагы кызматкерлерге да кайрылды.

«Силер  мыйзам чегинде иш жасадыңар. Жана эч кимдин силерди күнөөлөгөнгө акысы жок. Сабырдуулук жана чыдамдуулук! Эртеби же кечпи акыйкаттык орнойт», — деди ал.

Сегизбаев 25-январда Аскер прокуратура тарабынан кармалган болчу. Ага «Белизгейт» деп атыккан иштин алкагында мыйзамсыз аракеттер жана кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Сегизбаев 25-мартка чейин камакта калтырылган.

Ал эми 3-февралда анын шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанованын үйүндө тинтүү жүрүп, анын күйөөсүн  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) суракка алып кетишкен. Асанова тинтүү учурун түз эфир аркылуу да чагылдырган эле.