Абдил Сегизбаев: «Түбөлүккө саткын деген сөзгө калгым келген жок»

Абдил Сегизбаев өзүнүн УКМК төрагалыгынан кетишин SUPER TV каналына берген маегинде төмөнкүчө түшүндүрдү: «Ал кезде эки достун ортосунда тирешүү күчөгөн. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, билесиңер, түздөн-түз президентке баш иет. Бирок моралдык жагында мен Атамбаевди сата албадым. Саткым да келбейт. Кийинчерек мамилебиз солгундай түштү. Бир күнү Сооронбай Жээнбеков чакырып, сен акырын УКМКдан башка жумушка кетишиң керек, мисалы өкмөттү башкарып бер деп сунуштады. Мухаммедкалый Абылгазиев менен бирге чакырган. Аны президенттик аппараттын жетекчиси болсун, сен премьер бол деп сунуштаган. Азыр эми бул иштерди ачык айтсак болот. Бирок мен түшүнүп турдум, ал сунуштун артында бир талап турган, Атамбаевден баш тарт деген. Эки-үч күндөн кийин мен бул сунушка жообумду жумуштан кетүү арызы түрүндө алып келдим. Өзүм үчүн түшүндүм, эгер премьер болсоң болорсуң, бир-эки жылга. Бирок саткын деген сөз түбөлүк калат«.

Маек толугу менен шилтемеде