УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге каршы Белизгейт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш «Ата Мекен» фракциясынын мурунку лидери Алмамбет Шыкмаматовдун арызынын негизинде козголгону айтылууда.