Абдил Сегизбаевдин жактоочусу арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды

Үстүбүздөгү жылдын 25-январында кармалган УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылганын билдирди. Жактоочу Кантемир Турдалиевдин айтымында райондук сот бардык жагдайларды эске албай туруп Сегизбаевди 2 айга тергөө абагына камоо чечимин кабыл алган. Андыктан арыз менен шаардык сотко кайрылышкан.

Эске салсак, Абдил Сегизбаев 25-январь күнү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал Белизгейт аталган чуулгандуу иш боюнча УКМКны жетектеп турган учурунда Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаевдин атын каралоого аракет кылган делинип, Шыкмаматовдун бир жыл мурунку арызынын негизинде, «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кармалган.