Абытов Өмүрбек Бакиров эмне үчүн иш бөлмөсүн бошотушу керек болгонун айтып берди

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси депутат Өмүрбек Бакировду иш бөлмөсүнөн чыгаруу маселесин кароого чакырылган Жогорку Кеңештин жыйынына келген жок. Парламенттин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов анын иш сапарда экенин, бирок аталган мекеме расмий жооп даярдаганын билдирди.

Абытовдун айтымында, Жогорку Кеңештин административдик имараты жана андагы мүлктөр Жогорку Кеңештин балансында, бирок оперативдүү башкаруу үчүн толугу менен Административдик департаментке өткөрүп берилген.

«Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу, жумуш орундары менен камсыз кылуу, парламенттин жетекчилиги менен фракция лидерлеринин 7-кабатындагы иш бөлмөлөрүн бөлүштүрүү максатында 14-ноябрда комиссия түзүлүп, Бакиров ээлеген №705 кабинетте үч күндүн ичинде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча чечим чыккан. Оңдоо иштери 18-ноябрь жана дем алыш күндөрү жүрмөк. Депутат жана кеңешчилерине телефон аркылуу айтылган. Анын ордуна 6-кабаттагы иш бөлмө сунушталган. Бирок алар нааразы болуп, ушул убакка чейин иш бөлмө алган эмес», — деди ал.