«Ачык зордук-зомбулукка өтүштү». Текебаевге болгон кол салуу боюнча «Ата Мекен» партиясы билдирүү таратты

«Ата Мекен» саясий партиясы партиянын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон жырткычтык аракетти саясий репрессия жана оппозицияны коркутуп-үркүтүү катары кабыл алганын жарыялайт. Бул тууралуу аталган партиянын билдирүүсүндө жазылат.
«Кечээ, 1-декабрда саат 15:30дар чамасында Бишкектеги «Парк Отель» мейманканасынын ичиндеги кафе-барда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. 70тен ашык агрессивдүү беткапчан бандиттердин тобу лидерди күч менен уурдап, белгисиз тарапка алып кетүүгө аракет кылышкан. Беткапчан бейбаштар каршылык көрсөткөндөн кийин Текебаевге кол кɵтɵрүп, уюлдук телефонун тартып алышкан. Чабуулчулар коркутуу жолу менен андан шайлоонун жыйынтыгын мыйзамдуу деп таанууну талап кылышкан.
Бул факты биздин “бандиттик” мамлекетке, саясий террорго ыктап баратканыбызды көрсөтүп турат. Эч бир жаран өзүн коопсуз сезбейт. Саясий жана жарандык позициясы үчүн зомбулукка кабылышы керек эмес. Эл аралык нормаларга, Конституцияга жана өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, өз позициясын билдиргени, бийликти сындап, адилеттикти жана ачык-айкындуулукту талап кылгандыгы үчүн адамга кысым көрсөтүлбɵɵсү, күч колдонулбашы керек. Оппозицияга кысым көрсөтүүгө жол берилбейт! “Ата Мекен” партиясы жана анын лидери ар дайым элдин кызыкчылыгын коргоп, демократиялык баалуулуктарды коргоп, бийликтин диктатурасына, жарандардын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине кысым көрсөтүүгө туруштук берип келген.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө «Ата Мекен» партиясынын жана анын лидеринин дарегине бир нече жолу каралоо сөздөр айтылып, психологиялык кысым көрсөтүү ыкмалары колдонулуп, коркутуулар болду. Биздин партиянын мүчөлөрүнүн жана жетекчилигинин өлкө элинин кызыкчылыгын көздөгөн оппозициялык билдирүүлөрү, жарандардын курч коомдук-саясий, экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн көтөрүү, бийликтен “Кумтөр” боюнча иш-аракеттердин ачыктыгын жана айкындуулугун талап кылуусу бийликтин каршылыгын жаратты. Ал тургай үгүт маалында мамлекет башчысы менен УКМКнын башчысы Текебаевдин жана “Ата Мекен” партиясынын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жасашкан.
Ɵлкɵдɵ мыйзам чегинде шайлоо процесси жүрүп жатканын эске алсак, талапкерлерге кысым көрсөтүүгө жол берилбейт! Жогорудагы аракеттерди шайлоо процессине тикелей басым жасоо жана административдик ресурсту колдонуу деп эсептейбиз! Өлкөнү нормалдуу демократиялык процесске кайтарып, саясий кризисти токтото турган акыркы шайлоолордо бийлик административдик ресурсту колдонуу менен чындап эле добуштарды уурдады. Добуштарды эсептөөнүн автоматташтырылган тутумунда манипуляциялар болду жана добуштарды кол менен саноодо бурмалоо фактылары көп катталды. Бир нече күндөн бери кол менен саноо бүтɵ элек. Анын жыйынтыгы ишеним да жаратпайт. Ошол эле учурда бийлик расмий жыйынтыктарды жарыялабай жатат. Бул фактылардын баары шайлоонун жыйынтыгына ишенбөөчүлүктү жаратып, шайлоо процессинин ачык-айкын өтүшүн камсыз кылбагандыгын далилдейт.
Бир нече партиялардын жеңишин жасалма жаздырып алуу менен бийлик өзү коомдогу саясий тирешүүнүн кезектеги айлампасын козгоп жаткандай таасир калтырды. Өлкөнүн демократиялык күчтөрү тирешүүнү күчөтүүгө аракет кылбайт, алар ыңкылаптар менен канга боёлгон коомдогу чыңалууну күчөткүсү келбейт. Эл болгону, добуштарды калыс санап, жарандык жана эл аралык катаал шартта кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Бирок оппозицияны каралоо саясаты, жасалып жаткан провокациялар коомдо ишенбөөчүлүктү, келишпестиктерди жаратты. Ачык зордук-зомбулукка өтүштү.
Бийликтен Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча тез арада ачык, тыкыр иликтөө жүргүзүүнү талап кылабыз! Биз шайлоонун жыйынтыгын эсептөө бурмаланган жана мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөн деген позицияны бекем карманабыз. Биз шайлоону жараксыз деп таап, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылабыз! Болбосо, бийлик оппозицияга басым жасап, парламенттин демократиялык эмес, эркин түзүлүшүнө, коомдогу тирешүүнүн мындан ары курчушуна кызыкдар деп ойлойбуз!» — деп жазылат билдирүүдө.