Ачылбек Арзиев Жумгал райондук сотунун судьясы кызмат ордунан убактылуу четтетилди

Ачылбек Арзиев Жумгал райондук сотунун судьясы кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттик администрациядан маалымдашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 96-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Судьялар кеңеши башкы прокурорго кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Ачылбек Арзиев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилди.

Буга чейин Башкы прокуратурадан Жумгал райондук сотунун судьясы менен райондун прокурорунун орун басары Жумгал райондук сотунун имаратында экөө бирге 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышкан видеону тараткан.