Адахан Мадумаров ага «чыккынчылык» беренеси менен иш козголгонун айтты

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров ага «чыккынчылык» беренеси менен иш козголгонун айтты.

«Мен сунушун эртең менен көрдүм. Башкы прокурор «чыккынчылык» беренеси менен иш козгоптур. Ал жигиттин бул иш боюнча да жооп берер күнү келет», — деди ал.

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратура Жогорку Кеңештен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү суранганы маалым болду.