Мадумаров Атамбаевдин абактан чыгышы боюнча пикирин билдирди

«Кечээ мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан чыкты», — деди Адахан Мадумаров. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Туугандарын, жоро-жолдошторун куттуктайбыз. Маселе ошол мезгилде кабыл алынган чечимдерде. Ошол чечимдерди кимдер кабыл алган болсо, ошолордун жоопкерчилигинде», — деди ал.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 14-февралда абактан чыкты. Ал дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кетерин билдирди.