Адахан Мадумаров: «Бул Конституция мамлекетибиздин түбүнө жетет. Башка душманды издөөнүн кажети жок»

Эгер ушул Конституция кабыл алынып, ушул менен иштейбиз десек, анда биз өз тагдырыбызды өзүбүз балта менен чаап алган болобуз. Андан кийин эч кимге арызданууга укугубуз жок. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, Бул Конституция башаламандыктын туу чокусуна алып барат жана мамлекетти жеке адамдын ишканасына айлантат.

“Бул Конституция башаламандыктын туу чокусуна алып барат. Бул Конституция Кыргыз Республикасын бир жеке адамдын ишканасына айландырат. Бул Конституцияда сот системасы жок. Бир кишиге жакай калсаң соттолосуң, эгер жаксаң көкөлөйсүң да учасың”,- деди.

Мындан тышкары ал министрликтердин кыскарышы боюнча да кеп кылды. Ал 2021-жыл бөлүнүп-жарылуунун жылы болорун айтат.

“Өкмөттү кыскартабыз деген шылтоо менен элдин башын айландырып, биз министрликтерди кыскарттык дейт. Кеп министрликтерди эмес, кеп министрликтерде иштеген азаматтарда! 2021-жыл толугу менен кошулуу, бөлүнүп-жарылуу менен өтөт да, экономикабыз кайрадан эле эшекке эмес итке мингендей, иттен да түшүп мышыкка минип калгандай абалга келет. Бул Конституцияга аяр мамиле жасагыла, мекендештер! Бул Конституция менин китебим эмес, же бир партиянын уставы эмес. Бул мамлекеттин жүзү, башкы мыйзамы. Бул Конституция мамлекет кандай жолдо кетет, кандай жолдо өнүгөт аныктайт. Мыйзам чыгаруу укутарын жеке адамдын колуна берип коюу аракетин карап көрөлү.

Кыргыз аткаруу бийлигин президент башкарат дейт. Бирок эгерде аткаруу бийлигинин кызматы элге жакпай калса, администрациянын башчысы жумуштан кетет. Бул Конституция менимче, кыргыз тарыхындагы бардык тармакты колуна мыкчып отурган хандардын да түшүнө кирген эмес. Биздин тарыхыбызда хандар дагы чечим чыгарарда казыларга кайрылган. Чечим чыгарарда аксакалдар кеңешине кайрылган. Чечим чыгарарда эл менен акылдашкан. Бул Конституция «баарын мен билем, баарын мен чечем, элдин каалоосу ушул болуп жатат, Кыргыз эли менден ушуну талап кылып жатат» деп карамүртөздүк жолго алып баруучу Конституция. Бул Конституция мамлекетибиздин түбүнө жетет. Башка душманды издөөнүн кажети жок. Эгер ушул Конституция кабыл алынып, ушул менен иштейбиз десек, анда биз өз тагдырыбызды өзүбүз балта менен чаап алган болобуз. Андан кийин эч кимге арызданууга укугубуз жок”, — деди Мадумаров.