Адахан Мадумаров эмне үчүн Кемпир-Абадды Өзбекстанга берүүгө каршы экенин айтты

«Өзбекстан Кемпир-Абад боюнча 1965-1975-жылдары 10 жыл бою өз милдеттенмелерин аткарган эмес, бул боюнча Турдакун Усубалиев Москвага кат жолдогон» деди депутат Адахан Мадумаров ,бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында. Бул тууралуу Акипресс жазды.

Анын айтымында, Өзбекстан Сол жээк каналын курган эмес жана компенсация катары жер берген эмес.

Мадумаров келечекте суу ресурстарынын заманы болорун, мунай менен газдын баасы болбой турганын белгиледи. Андыктан ал эмне үчүн Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы экенин жүйө келтирди. «Келишимге кол коюу үзгүлтүккө учураса, провокация кылгандар жазаланат деп чочулашкан. Эгер жазалагың келсе, мени жазала. Мамлекеттик каналды, Регион телеканалын чакырып, мени атып салгыла, күлүн Кемпир-Абадга чачкыла», — деди.