Адахан Мадумаров ишканаларды Санарип өнүктүрүү министрлигине өткөрүп бергени тууралуу: «Бул экинчи кадамга даярдык»

Министрлер кабинети “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “Дастан” баштаган мамлекеттик ишканаларды Санарип өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берген. «Бул төрт ири ишкананы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү туура болдубу?» деген суроо менен эл өкүлдөрүнө кайрылып көрдүк.

Депутат Адахан Мадумаровдун айтымында, бул чечим туура эмес. «Булардын акыркы кабыл алып жаткан чечимдери туура эмес. Аны айта бергенден майнап чыкпай жатпайбы. Ушунун баарын көрүп-билип туруп, дасыккан адистердин унчукпай жатканы, коомчулуктун унчукпай жатканы… Негизи эле коом бактылуу жашаганга укугубуз барбы деген суроо бериши керек да. Ошол мекемелерде иштеп жаткан алдыңкы адистер бар алар менен сүйлөшкөн эч ким жок. Бул экинчи кадамга даярдык. Сатып-жок кылыш. Андан башка ой жок»,- деди ал.