Адахан Мадумаров: «Каалагандай оңдоп-түзөп жатышып, Ак үй чымчыктын уясы болуп калыптыр»

«Иш бөлмөнү оңдоо бул акылсыздык. Бул сылан короздук. Жумуш бөлмө деген жумуш бөлмө болушу керек». Бул тууралуу Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров «Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабызга маек берип жатып билдирди.

«Үйүңдү кандай жасасаң, жасай бер. Бул жакка тамак көтөрүп кирүү да маданиятсыздык. Мен муну айтып жатып, тамак көтөргөндөр азайды окшойт. Кээ бир кабаттардан өтүп баратсаң, ар кандай жыттар чыгып баштады. Бул уят. Андай болбойт. Бул мамлекеттин жүрөгү. Мен карасам чымчыктын уясындай кылып салышыптыр да. Каалагандай кылып оңдоп-түзөп… Бул тарыхый имарат. Бул кылымдан кылымдарга калчу имарат. Андайга уруксат бербеш керек», — деди ал.