Мадумаров Ташиев тууралуу: «Анын деңгээли ошондой»

Депутат Адахан Мадумаровго журналисттер Камчыбек Ташиевдин ортосундагы уруш боюнча комментарий сураган учурда, Мадумаров «анын деңгээли ошондой» деп жооп берди.

«Ошол анын дэңгээли» деген депутат, башка суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кайым айтышкан. Анда Ташиев Мадумаровго «колуңду сындырам» десе, Мадумаров Ташиевге «колдон келбейт» деген.