Адахан Мадумаров Кемпир-Абад боюнча: «Маалыматты жаап-жашырып, кырдаалды курчутуунун кажети жок»

4-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад боюнча жыйын өтүп, ага президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бирок жыйын жабык өтүп, ага журналисттер да киргизилген жок. Мындан улам депутаттарга «Кемпир-Абаддын эмне болгону тууралуу маалыматты бийлик жашырып жатканы туурабы? Элдин билүүгө акысы жокпу?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Адахан Мадумаровдун айтымында, кандай болгон күндө да элге ачык маалымат жетиши керек. «Аны жаап-жашырып, ар кандай сөздөрдү чыгарып, кырдаалды курчутуунун кажети жок. Жыйын ачыктан-ачык өтүү керек болчу. Жабык эшик артында өткөрүп алып, маалыматты жакшы жеткирбегендиктен будуң-чаң боло берет», — деди ал.