Адахан Мадумаров: «Кемпир-Абад Өзбекстанга мыйзамдуу түрдө өтө элек. Бирок келишимге кол коюлган»

Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга мыйзамдуу түрдө бериле элек. Бул тууралуу 24.kg агенттигине депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын премьер-министри менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын ортосунда суу сактагычты Өзбекстанга өткөрүү боюнча келишимге кол коюлган. Бирок бул келишим мыйзамдуу күчүнө кире элек.