Менде эч кандай сезим жок. Бир тамчы кубануу сезими жок. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Адахан Мадумаров парламенттик шайлоодо жеңишке жеткендеги сезимдери менен бөлүшүп жатып билдирди.
«Эл аябагандай чоң үмүт артты. Биз мурдагы шайлоолордо да жеңишке жетип келгенбиз. Ошол үмүттүн оту өчпөй, жалындап тургандай. Ошол үмүттөрдү актаганда биздин күчүбүз жетеби? Көпчүлүк кайдыгерликтин ортосунда алсыз үн катары калып кетпейби деген сезимдер бар. Эмнесине кубанабыз? Ошол парламентке өтүп алган мансаппы же бакытпы? Бул оор жүк, сыноо», — деди ал.
Жоопкерчиликти сезген, көрөнгөсү терең адамдын кулк-мүнөзү мына ушундай болуш керек. Учурунда Сингапур өлкөсүнүн башына келген башчы Ли Куан Ю «мен элимди бул кыйынчылыктан, жакырлыктан кантип чыгарам» деп кадимкидей ыйлаган экен. А бизде баары тескери, өз Элин алдап журуп бийликке келишет да анан эмнени которо качуунун жолун издешет. Азыркы бийликке ишенимди артып келгем, бирок тогорогундогү чөөлөрдүн барымтасында калганын сезбей келет, келечек дале болсо будомук эч кандай өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ли Куан Ю дай тандаган жолу да жок, бийликте отурганына бир жылдан ашып жатса да. Кандай гана өкүнүчтүү.