Мадумаров шайлоодо жеңишке жеткени тууралуу: «Бир тамчы кубануу сезими жок»

Менде эч кандай сезим жок. Бир тамчы кубануу сезими жок. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Адахан Мадумаров парламенттик шайлоодо жеңишке жеткендеги сезимдери менен бөлүшүп жатып билдирди.

«Эл аябагандай чоң үмүт артты. Биз мурдагы шайлоолордо да жеңишке жетип келгенбиз. Ошол үмүттүн оту өчпөй, жалындап тургандай. Ошол үмүттөрдү актаганда биздин күчүбүз жетеби? Көпчүлүк кайдыгерликтин ортосунда алсыз үн катары калып кетпейби деген сезимдер бар. Эмнесине кубанабыз? Ошол парламентке өтүп алган мансаппы же бакытпы? Бул оор жүк, сыноо», — деди ал.