Адахан Мадумаров: «Тыңшоочу аппаратты койгон адамы да маскара, кемчонтой жана сабатсыз»

«Мен иш бөлмөмдөн тыңшоочу аппарат издебейм. Столдун үстүнө микрофон катары коюп койсун. Мага баары бир». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров «Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабызга маек берип жатып билдирди.

«Кайда койсо, өздөрү билсин. Ал мени кооптондурбайт. Мен ага түк маани бербейм, көңүл да бурбайм. Жогорку Кеңеште депутат болуп турган кезимде да иш бөлмөмдөн чыккан. Абсамат Масалиевичтин, Исмаил Исаковдун, Ишенбай Кадырбековдун иш бөлмөсүнөн да табылган. Анда билесиздерби, аябай чоң коомдук резонанс жараткан. Бул уят көрүнүш болгон. Азыр эми кадыресе көрүнүш болуп калды да. Бийликтин кадыр-баркы жок. Баары аралашып кеткен. Мен ооз ачканы бир эле жерге барам. Мындан бир жыл мурун ошол жерден чыккан. Аны жанагы жылыткычка койгон экен. Ноябрь айы болуп калды. Алар ал жакка жылуулук берет деп ойлогон эмес да. Скотчтор менен чаптап койгон экен, жылуулук бергенден кийин ал үзүлүп түшүп калды. А эми болсо, алардан сабаттуураак болуп, муздаткычка коюптур да. Булар ойлогон жок, жакында Күн ысып кетсе, аны күйгүзгөндө эмне болот деп. Тыңшоочу аппаратты койгон адамы да маскара, кемчонтой жана сабатсыз», — деди ал.