Мадумаровду жоопко тартуу. Прокуратуранын сунушун кароо боюнча комиссияга кайсы депутаттар кирди?

Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш берди. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамына киргендер:

Кундузбек Сулайманов;
Карим Ханджеза;
Мирлан Самыйкожо;
Миргүл Темирбаева;
Мурадил Сыдыков;
Фарходбек Алимжанов;
Гуля Кожокулова;
Динара Ашимова.