Мадумаров чек арадагы жаңжал боюнча үн катты (видео)

Кечээ, 2-майда саясатчы, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулар боюнча кайрылуу жасады. Анын жүрүшүндө бул окуяларга эмне себеп болгону тууралуу пикирин билдирди. Видео кайрылуу саясатчынын социалдык тармактагы баракчасында жарыяланган.

«Бардык жоопкерчиликти мойнума алдым деген жигиттердин шалаакылыгынан, сабатсыздыгынан, тоготпостугунан, же тышкы саясатты, же ички саясатты жүргүзө билбегендиктен, кадрларды тандай албагандыктан, ким болсо, ошол болсун, мени колдосо болду деп кадр саясатын жүргүзүп келип, ушул кейипти кийип отурабыз. Абдан өкүнүчтүү», — деди Мадумаров.

Анын айтымында, бүгүн ким күнөөлүү деп чукулоонун кажети жок. «Тынч заман келгенде ар бир азаматтын жасаган иши боюнча өз жазасын өз колуна алат. Бүгүн бири-бирибиз менен ыркырашып отурбай, бир багытта болушубуз керек», — деди саясатчы.