Адахан Мадумаровдун түз эфирде айткан билдирүүсү боюнча териштирүү башталды

Президенттикке талапкерлердин бири Адахан Мадумаровдун «үгүт иштерине тоскоолдуктар болуп жатат» деген билдирүүсү боюнча териштирүү иштери башталды. Бул боюнча Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Адахан Мадумаровдун түз эфирде айткан билдирүүсү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 149-беренесинин 1-пункту менен катталып, териштирүү иштери башталган.

«Адахан Мадумаровдун штабынан же болбосо тарапташтарынан үгүт иштери Ысык-Көл облусунда кайсы убакыт аралыгында жүргүзөрүн жана үгүт иштерин жүргүзүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча облустун райондук мамлекеттик администрацияларына, мэрияларына жана ички иштер бөлүмдөрүнө эч кандай билдирүүлөр же болбосо ырааттамалар келип түшкөн эмес” деп билдирди маалымат катчы.

Буга чейин Адахан Мадумаров КТРКнын түз эфиринде: «Менин штабымды түзүп жаткандар жалынып-жалбарып суранышты. Алар мага «бизде жаш азаматтар пайда болуп, эгерде кимдир бирөөнүн башка талапкерге чуркаганын көрсөк, барып үйүңөрдү өрттөйбүз» дешти», — деген эле.