«Адам өлөрүн күтүшүбүз керекпи?». Депутат эки министрди кызматтан алуу боюнча президентке сунуш берүү керектигин айтты

«Бишкектеги түтүндүн адамга зыяны тиеби?» деп сурады Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев. 

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева түтүндүн кесепеттери бар экенин билдирди.  «Биз эки жылдан бери ДССУнун сунушу боюнча ден соолук индексин иштеп чыгуу жөнүндө айтып келебиз. Кайсы учурда өзгөчө кырдаалды киргизүү керек же качан оор абалда болорун көрсөтөт», — деди министрдин орун басары.

«Муну биз иштеп чыгышыбыз керекпи же сизби?» — деди депутат. Арыкбаеванын айтымында, бул Жаратылыш ресурстар министрлигинин ыйгарым укугу, бирок саламаттыкты сактоо индексин иштеп чыгуу үчүн биргелешкен ведомстволор аралык топ түзүлүшү керек.

«Сиз зыяны жок деп жатасыз да ээ? А эмнеге тополоң көтөрбөйсүңөр? ӨКМге айткыла, токтоткула деп. Коркунуч чоң да ооруларга. Ушуну айтышыңар керек«, — деди депутат.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын айтымында, түтүндөн бронхиалдык астма, аллергиялык оорулар, дем алуу органдарынын оорулары менен ооругандар көбөйүүдө.

«Бул жалпыбызга тиешелүү маселе. Менде бир сунуш бар. Борбордогу экологиялык абал болгону үчүн эки министрди кызсматтан алуу үчүн президентке сунуш беришибиз керек. Экология менен ӨКМ башчысына сунуш беришибиз керек. Мен сунуш берет элем. Балким анын тили өтпөй жатат. Же адам өлөрүн күтүшүбүз керекпи?» — деди ал.