«Адаштым». Мурдагы депутат Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү

Мурдагы депутат Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөп, 1 жыл 3 ай мурда трибунада ант бергенин айтты.

«Бүгүнкү кайрылуум, депутаттык мандатымды тапшыруу боюнча болот. Сиздер менен 1 жылдан ашык убакыт чогуу иштештик. Мыйзам долбоорлорун сунуштадык. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт демекчи, ар бир адам жаңылат экен. Алардын катарында мен да адаштым. Мен окуяны талдап, жоопкерчиликти сездим», — деди ал.