Адвокат: «Атамбаев 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтында башаламандык уюштурган деп шектелүүдө»

Дагы бир шек жөнүндө Алмазбек Атамбаевге эки жума мурун билдиришкенин анын адвокаты Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында Атамбаевге 2020-жылдын 9-октябрында «Ала-Тоо» аянтындагы баш аламандыкты уюштурган деген айып тагылууда.

«Атамбаев өзүнүн кылмыштуу планын ишке ашыруу үчүн Өмүрбек Бабанов, Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков, Канат Сагымбаев жана башкалар менен алдын ала бүтүм түзүп, Медиа Форумдун имаратынын жанына элди чогултуп, андан соң бийликти басып алуу үчүн «Ала-Тоо» аянтына барууну сүйлөшкөн. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын эски аянтында мурунку бийликтин адамдарынын келишине каршы болгондор жана Кыргыз өкмөтүнүн имаратын коргогондор «люстрация» деген ураан менен чогулганын билишкен.

Ал учурда өкмөт үйүнүн жанына чогулган адамдардын тобу өз иш-аракеттерин коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу, талап-тоноочулукка жана коомдук тартипти бузууга жол бербөөгө багыттап, укуктук талаага чыгууга жана башка массалык баш аламандыктардын алдын алууга чакырышкан.

Алмазбек Атамбаев калың элдин терс жана агрессивдүү маанайын күчөтүп, натыйжада «Ала-Тоо» аянтында өкмөттүн имаратынын жанына топтолгон адамдардын тобу менен массалык мушташ болуп, ок атуучу куралдар, таштар, брусчатканын сыныктары жана башка каражаттар колдонулган».

Ал эми жактоочу: «Чын чынына келгенде 9-октябрда Бишкекте эки митинг өтүп жаткан. Анын бири өкмөт үйүнүн алдында, экинчиси «Ала-Тоо» аянтында Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда орун алган», — деп жазды.